• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Сабырбек Жумабеков өлкөнүн бай адамдарына кайрылып, медициналык жабдык жана дары-дармек алууга жардам сурады

Ден соолук 0

Бишкек, 03.07.20 /Кабар/. Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков оорукананын “Гансидеги” бөлүмүндө коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптар үчүн медициналык жабдык жана дары-дармек алууга жардам сурады.

“Урматтуу бизнесмендер өлкөдө тилсиз жоо менен күрөш жүрүп жатат. Күн сайын ооруканага жаткырылып дарыланууга муктаж болгон миңге жакын бейтап кайрылууда. Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги “Ганси” базасында миңден ашык орун даярдады. Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармектерди керектүү өлчөмдө сатып алууга жетишпей жатат (саламаттык сактоо министринин орун басары М. Каратаевдин айтымында). Ошондуктан биз медицина кызматкерлери дары-дармек, жабдык түрүндө жардам көрсөтүүңүздөрдү сурайбыз. Айрыкча эуфилин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал дарылары, 5 жана 10 гр. ийнелер, спирттик кол аарчылар, жеке коргонуучу каражаттар, көз айнектер керек. Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору боюнча жооптуу куратор Чыңгыз Нарынбеков, 0706203021”, - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий