• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Саламаттык сактоо министри жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдө корорнавирус жуктурган учурлар көбөйө баштаганын айтып, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Министр зарыл болбосо коомдук жайларга барбоого чакырды.

"Санитардык эрежелерди сактоо менен өзүңүздөрдү, бала-чакаңыздарды, ата-энеңиздерди, туугандарыңыздарды жана жаныңыздагы адамдарды сактайсыздар. Зарыл болбосо коомдук жайларга, иш-чараларга барбасаңыздар. Азыр аба ырайы сууктап, сасык тумоо күчөй баштайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий