• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерге тамак берилбей жатат деген маалыматты төгүндөдү

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевге коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине тамак берилбей жатат деген маалыматты төгүндөдү.

"Бул туура эмес маалымат. Ооруканада иштеп жаткандарга тамакты бейтапкананын администрациясы уюштурду. Ал эми санитардык-карантиндик посттордо иштегендерге тамакты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жергиликтүү бийлик уюштуруп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-апрелге карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 280ге жетет. Алардын ичинен 30 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий