• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. Саламаттык сактоо министрлиги жалпы 4 млн жаранды эмдөөнү пландоодо

COVID - 19 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги 4 млн жаранды (калктын 42%ы) COVID-19га каршы эмдөөнү пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн «Биринчи радионун» эфиринде Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө дагы деле илдеттин оор өтүшүнөн коргоонун эң мыкты жолдорунун бири болуп саналат.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок оору күчөбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Буга байланыштуу калкты эмдөөдөн өтүүгө чакырам», - деди ал.

Мындан тышкары, ал 2021-жылдын август айында массалык эмдөө кампаниясынын алкагында күн сайын 25 миңден ашык жаран эмдөөдөн өткөнүн эске салды.

Пикир

Оставить комментарий