• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Саламаттык сактоо министрлигинин саат 16:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Коронавирус катталган учурдун саны – 6 адам, алар стационардык дарыланууда, абалдары канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Убактылуу обсервациялоо пунктарында медициналык көзөмөлдө жайгашкандар – 410 адам.

Жашаган жерлери боюнча медициналык пунктарда жайгашкандар – 1251 адам. Бардыгынын абалы канааттандырарлык.

Жашаган жерлери боюнча 14 күндүк көзөмөлдөн чыгарылгандар – 1309 адам. Кыргызстанга келген жарандарды обсервациялоого жана жаткырууга Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ӨКМ тарабынан даярдалган орундуктардын саны - 2290.

Ошондой эле:

• Дарылануучу мекемелерине жаткырууга – 504;

• Дарылануучу мекемелерине обсервациялоого - 160;

• «Иркештам» - көзөмөл-өткөрүү пунктуна – 170;

• «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна – 100;

• «Манас» Эл аралык аэропортуна – 803;

• Ош шаарындагы “Барчын” медициналык борборуна – 70;

• «Ош» Эл аралык аэропортуна – 40;

• Ош шаарындагы аскер госпиталына – 70;

• “Беш-Күңгөй” аскер госпиталына – 75;

• “Ак-Кеме” мейманканасына - 298.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алты кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий