• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Саламаттык сактоо министрлигинин саат 21:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 6 кишини түзөт, алар кичи ажылыктан кайтып келген үч эркек жана үч аял. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин билдиришкендей, учурда 410 адам – обсервацияда;

-1251 адам – жашаган жери боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө;

-1309 адам – 14 күндүк карантинден чыккан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жатак орундуктардын санын 2290гө чейин көбөйттү, алардын 700ү өлкөнүн түштүк аймагында. Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Мамлекеттик чек араларда жарандар катаал тартипте текшерилүүдө. Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-19-мартта Кыргызстанга 5183 адам кирип, 6795 адам чыгып кеткен.

Ош шаарында 4 базар жабылды жана коомдук транспорттун иши токтотулду.

Кызыл жарым айдын ыктыярчылары КРде ӨКМ менен бирге калктын арасында маалыматтык иш алып барып, санитардык тазалоо жараянына тартылууда. Алар улгайган жарандарга медицианлык беткаптар менен антисептиктерди да таратып жатышат.

КР Финансы министрлиги коронавирустун жайылышын алдын алуу иш-чараларын каржылоо максатында эсеп ачты. 2020-жылдын 20-марты саат 12:30га карата 2 млн 200 миӊ сом түштү. Ошондой эле “Сорос” Фонду пандемияга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди колдоого 100 миӊ АКШ долл. өлчөмүндө Өзгөчө фонд түздү.

Инфекциялык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө “Сорос” Фондунан ӨЖЖ аппараты берилди, республика боюнча жалпы 624 аппарат бар.

КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча көзөмөлдү катаалдатууну тапшырды. Өз кезегинде, Республикалык штаб жарандарды үйдөн чыкпай, мүмкүнчүлүк болсо, аралыктан иштөөгө жана адамдардын чогулуусу тууралуу ИИМге кабарлоого чакырат.

Ысык-Көл облусунда бардык пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана мейманканалар карантинге жабылды.

Ыкчам IT штаб түзүлдү. Коронавирус боюнча калкты маалымдоо үчүн чат бот ишке киргизилди.

Бардык КТБлар штаттык режимде иштеп, имараттар пландын негизинде күн сайын дезинфекцияланып жатканын МКК билдирди.

Андан тышкары, 800 медицина кызматкери даярдалып, алардын бөлүгү профилактика, клиника жана COVID-19 (коронавирусу) эпидкөзөмөл маселелери боюнча окуусун улантууда.

Пикир

Оставить комментарий