• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19. Салык кызматынын кызматкерлеринин 60%дан ашыгы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-ноябрына карата Салык кызматынын 1 миң 472 кызматкери коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул ведомствонун иш жүзүндөгү штаттык санынын 60,3%ын түзөт. Анын ичинде аймактык салык органдарынан 1 миң 404 кызматкер жана борбордук аппараттан 68 кызматкер.

Жакында болуп өткөн кезектеги эмдөө иш-чарасында Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов, анын орун басарлары жана ведомствонун башка бир катар кызматкерлери эмдөөдөн өтүштү.

Ведомстводо эмдөөнүн зарылдыгы жана коронавирустан сактануу үчүн санитардык нормалардын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий