• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Шаар тургундары медициналык кеңеш алуу үчүн «118» ыкчам линиясына чалса болот

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары өзүн-өзү диагностикалоо маселелери боюнча ыкчам медициналык кеңеш алуу үчүн «118» ыкчам линиясына чалса болот. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлери ыкчам телефон аркылуу байланышкан адамдарга өзүн кандай сезип жаткан абалын тыкыр сурамжылайт жана атайын иштелип чыккан анкетаны толтурушат.

Шаар тургуну чала алат, эгерде:

• Ал эпидемиологиялык абалы начар өлкөлөргө же аймактарга барып келсе;
• Коронавирусуна чалдыккан оорулуу менен тыгыз байланышта болгон болсо;
• Оорунун белгилери – жогорку температура, жөтөл жана энтигүү бар болсо.

Инфекциянын чыгуу коркунучу жаралса, жерине дарыгер, эпидемиолог жана лаборант болуп, медиктердин мобилдүү бригадалары барат, алар үйдө экспресс-тест жасашат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий