• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Шайлоого байланыштуу статистика азайтылып жатат деген сөз туура эмес - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Шайлоого байланыштуу коронавирус менен ооругандар боюнча статистика азайтылып жатат деген сөз туура эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Саламаттык сактоо системасынын бул шайлоо менен байланышы жок. Биз штаттык тартипте иштешибиз керек. Статистика азайтылып жатат деген сөз туура эмес. Анын шайлоо менен эч кандай байланышы жок. Бизде июль айында ооругандар көбөйгөн. Андан кийин ооругандар азайды. Ал табигый процесс. Акыркы жумада ооругандардын саны көбөйүп жатат. Анын шайлоо менен байланышы жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий