• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Штаб Жалал-Абад, Ош облустарындагы жана Ош шаарындагы эмдөөнүн жүрүшү менен таанышты

COVID - 19 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Ош облусунда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эпидемиологиялык абал, Жалал-Абад, Ош облустарындагы жана Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин вакцинациялоо жүргүзүүгө даярдыгы жана республиканын калкын вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү маселеси талкууланды. Шаар мэрлери, район акимдери жана ЖОЖ ректорлору ар бир участок боюнча отчет берди.

Ыкчам маалыматтарга караганда, республика боюнча тышкы эмгек мигранттарын эсепке албаганда, 18 жаштан жогорку калктын санын камтыган максаттуу топтун 38% га жакыны эмделсе, анын 28% ы толук эмдөөдөн өткөн.

Ош шаарында COVID-19 каршы эмделүүчү максаттуу топко 119 600 адам кирет. Алардын ичинен калктын 49%ы биринчи доза менен эмделсе, 37%ы эмдөөнүн толук курсун алган.

Ош облусунда COVID-19 каршы эмделүүчү максаттуу топко 469 389 адам кирет, анын ичинде калктын 46% биринчи доза менен эмделген, вакцинациялоонун толук курсунан 41% адам өткөн. Облус боюнча вакцинациялоо боюнча лидер болуп Ноокат району (50%) саналат, эң төмөнкү темп Алай (23%) жана Чоң-Алай (29%) райондорунда орун алган.

Жалал-Абад облусу боюнча COVID-19 каршы эмделүүчү максаттуу топко 435 112 адам кирет, анын ичинде калктын 35%ы биринчи доза менен эмделген, ал эми калктын 23%ы вакцинациялоонун толук курсунан өткөн. Облус боюнча вакцинациялоо боюнча лидер – Ноокен (29%) жана Базар-Коргон району (26%) саналат, төмөнкү көрсөткүчтөр – Кара-Көл (8%) шаарында.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Жылдыз Бакашова төмөнкүлөрдү тапшырды:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине дарыканаларда жана саламаттык сактоо мекемелеринде коронавирус инфекциясына каршы дары-дармектердин, медициналык шаймандардын, жеке коргонуу каражаттардын тийиштүү кору болуусун көзөмөлдө кармоосу тапшырылды.

- Жалал-Абад жана Ош облустарынын жетекчилерине жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине калкты вакцинациялоо боюнча кампанияны жүргүзүү маселесин жеке көзөмөлгө алуусу, вакцинациялоо менен камтууну кеңейтүүнү жана анын темпин күчөтүүнү камсыздоосу тапшырылды. Ошондой эле алар коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн зарылдыгы жана мааниси тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары профессордук-окутуучу курамдын, ошондой эле 18 жаштан жогорку студенттердин арасында вакцинациялоо жүргүзүүнүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. Буга байланыштуу Жылдыз Бакашова облустагы жогорку окуу жайларда, орто кесиптик окуу жайларда, мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий