• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Соцөнүктүрүү министрлигинин эсебине 17,4 млн сомдон ашык каражат түшкөн

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине 22-июлга карата 17 млн 427 миң 47,80 сом келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коммисиянын чечими менен 16 млн 139 миң 996 сом бөлүштүрүлгөн.

“Алар Бишкек шаардык мэриясына, өкмөттүн Чүй облусунун өкүлчүлүгүнө, Нарын шаардык мэриясына, Сузак райондук администрациясына, Жалал-Абад жана Ош шаардык мэриясына, Ноокат райондук администрациясына берилген. Учурда эсепте 1 млн 287 миң 51,80 сом калды. Толук маалыматты министрликтин сайтынан көрө аласыздар”, - дейт ал.

Адиев кошумчалагандай, өкмөттүн чечими менен оор кырдаалда турган адамдарды азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик бюджеттен 200 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий