• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

COVID-19: Стамбулдан учуп келген 349 кыргызстандыктын анализи таза чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Стамбулдан Бишкекке учуп келген 349 кыргызстандыктын анализи таза чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекке учуп келгенде жарандардын баары мейманканага обсервацияга алынган.

"Алардын баары лабораториялык изилдөөдөн өтүп, коронавирус жок экендиги тастыкталды. Азыр жалпы 143 жаран облустарга кетүү үчүн унааларды күтүп жатат", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө 8 жаран үй карантининде болууга шарты жок болгондуктан обсервацияда калууда.

"Ал эми чет жактан келген кыргызстандыктардын ичинен Бишкекте 128и калган, калгандары Ошко 28 жаран, Чүй облусуна 86, Жалал-Абадга 35, Ысык-Көлгө 28, Таласка 15, Нарынга 14, Баткенге 19 адам кетти", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 24-апрелде Бишкекке "Стамбул-Бишкек" багыты боюнча "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Түркиядан 349 кыргызстандык учуп келген.

Белгилей кетсек, 26-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ге жетти. Алардын ичинен 180и медицина кызматкери. Илдеттен 370 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий