• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

COVID-19: Свердлов районунун акимиаты рейддик иш-чараларды өткөрүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо үчүн рейддик иш-чаралар активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана акимиаттын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ ишкердик субъекттеринин арасында санитардык -эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына текшерүү жүргүздү.

Жыйынтыгында "Курулуш-М" дүкөнүнө жана "Строй Дом Kg" дүкөнүнө карата КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 150-беренеси боюнча 2 миң сом өлчөмүндө 2 протокол түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий