• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

COVID-19: Түркия Кыргызстанга медициналык каражаттар түрүндө гумжардам көрсөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Түркиядан жиберилген гуманитардык жардам Кыргызстанга бүгүн, 15-июль күнү саат 11:00дө “Turkish airlines” авиакомпаниясынын учагы менен “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында, 2020-жылдын 7-июлунда саламаттык сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча меморандумга кол коюлган.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам катары өпкөнү жасалма дем алдыруу 20 аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 миң ПЦР-тест комплекти, 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому, 50 миң N95 коргоочу беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң коргоочу беткап – козыректор жана 10 миң гидроксихлорохин дарысынын таңгагы келди.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 11-12-февралында Туркиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын тапшырган: 200 таңгак тест-система, 5 миң бир жолу колдонуучу беткап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоочу фильтри менен беткап жана 12 коргоочу көз айнек.

Пикир

Оставить комментарий