• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Талас облусунун башчысы ооруканалардагы орундуктар туурасында маалымат берди

COVID - 19 0

Бишкек, 11.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө облустук оорукананын жугуштуу оорулар болүмүндө 4 изолятор, 61 керебет бар. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бакай-Ата районунда 18, Манас районунда 11, Талас районунда 10 орундук даярдалган.

"Обсервацияга ала турган 858 керебет бар. Алардын 533ү саламаттык сактоо мекемелеринде, 325и билим берүү мекемелеринде даяр турат. Учурда бардыгы жетиштүү деңгээлде", - дейт ал

Эске сала кетсек, Талас облусунда коронавирус жуккан алгачкы учур күн мурун, 10-июнда катталып, бүгүн дагы эки адамда илдет аныкталды. Учурда жалпы облус боюнча коронавирус жуккан 3 учур тастыкталды.

Белгилей кетсек, 11-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2129 учур катталды. Алардын ичинен 419у медицина кызматкери. Илдеттен 1630 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 26 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий