• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун капиталдык оңдоо иштери ​40%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Талас облусунун Көк-Ой айылындагы «Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери 40%га аткарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Учурда объекттин жылытуу системасы жаңыртуу иштери 100% га аяктап, саркынды сактоочу жайды орнотуу, жер казуу иштери жана шагыл менен тегиздөө жумуштары бүткөрүлгөн. Электртутумдар жана сантехникалык түтүктөр, санитардык түйүндөр кайрадан орнотулууда.

Ошондой эле, чатырдын жыгач конструкциялардын элементтерин алмаштыруу иштери 70%га, терезе орнотуу иштери 55%га аткарылып, операция бөлүмдөрүндө кафелдер чапталууда. Экинчин жана үчүнчү кабаттардагы шыбак жана жасалгалоо жумуштары 60 %га аткарылып, желдетүү тармагы калыбына келтирилүүдө.

Жалпы аянты 4 миң 682 чарчы метрди түзгөн объекттин оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий