• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Таласта 28,1 миң адам коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Талас облусунда 28 миң 114 адам коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы сутка ичинде Талас облусунда коронавирус менен ооруган жаңы учур катталган жок жана облус боюнча эки аймакта гана “кызыл зона” иштеп жатат.

“Талас облусу боюнча биринчи жана экинчи этапты эске алганда биринчи доза менен 41 миң 532 жаран (45%), экинчи доза менен 28 миң 114жаран (30,4%) эмделди”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий