• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта карантин режими киргизилеби? Облус жетекчисинин жообу

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде облуста карантин режими киргизилеби же жокпу деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, карантин режимин киргизүүдөн мурда экономикалык тармакты ойлош керек. “Азыркы учурда көп тармак өздөрүнүн демилгеси менен жабылып жатат. Биз жапкан жокпуз. Бир гана чектөөлөрдү киргиздик. Алсак, Талды-Булак постунда айрым унааларга чектөө киргизилди, мал базарлар жабылды, облус аралык каттамдар токтотулду. Калгандарынын баары толук кандуу иштеп жатат”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий