• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Таласта жалгыз бой улгайган жарандарга керектүү каражаттар таркатылууда

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Таласта жалгыз бой улгайган жарандарга керектүү каражаттар таркатылууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери өлкөдө болуп жаткан кырдаалган байланыштуу, жалгыз бой улгайган жарандарга керектүү каражаттарды таркатышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Иш-чара коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч учур аныкталганы айтылган. Учурда өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 16га жетти (7 эркек, 9 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 5 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Башында коронавирус чыккан Сузак, Ноокат жана Баткен райондорунда, андан кийин 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ал эми 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий