• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Тажикстанда мамлекеттик мекемелер улгайган кызматкерлерин эмгек өргүүсүнө кетиришти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Тажикстанда коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн мамлекеттик мекемелердеги улгайган, пенсия курагындагы кызматкерлер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылды. Бул тууралуу COVID- 19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын мүчөсү, өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин өкүлү Хасан Холикзода билдирди.

«60тан ашкан, келишим менен иштеп жаткан кызматкерлер жетекчиликтин буйругу менен эмгек өргүүсүнө кетишти. Мындай чара коронавирустун жайылуусун алдын алуу үчүн көрүлүүдө», — деди ал.

Халикзоданын айтымында, пандемия башталгандан бери министрликтин бир нече кызматкери коронавирус жуктуруп, дарыланып чыккан. Бүгүнкү күндө мекеменин борбордук аппаратында илдетке кабылгандар жок.

Каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу боюнча комитеттин басма сөз катчысы Афшин Мукимдин айтымында, өлкөдө расмий коронавирус катталгандан кийин мекеме республикалык штабдын сунушу менен пенсия курагындагы кызматкерлеринин баарын эмгек өргүүсүнө кетирген.

2015-жылы президенттин жардамчысынын буйругу менен Тажикстандагы мамлекеттик мекемелер пенсия курагындагы кызматкерлеринин көбүн иштен кетирген. Бүгүнкү күндө аларда улгайган адамдар келишимдик негизде гана иштешет.

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус жуктургандар 9088 кишиге жетип, 72 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий