• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Тажикстанда ЖОЖдорго тапшыруу тартиби өзгөргөн жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Тажикстанда COVID-19 пандемиясына карабастан, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу тартиби өзгөргөн жок. Бул тууралуу президентке караштуу Улуттук тестирлөө борбору билдирди.

Борбордун директорунун орун басары Шодиниё Абдулбоситтин айтымында, абитуриенттер ЖОЖдорго тапшыруу сынактарына адаттагыдай эле 1-июлдан 7-июлга чейин катышса болот.

Буга чейин өлкөнүн Билим берүү министрлиги мектептерде бүтүрүү сынактары 15-июндан 24-июнга чейин өтөрүн билдирген. Мекеме бул сынактарга катышпаган бүтүрүүчүлөргө аттестат берилбей турганын эскерткен.

Расмий маалымат боюнча, Тажикстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны үч миң адамдан ашты, илдеттен 46 бейтап көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий