• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Тоңдурулуп турган 6 миңден ашык анализдер 2-3 күндө текшерилет – Абдикаримов

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Коронавирусту аныктоо үчүн алынып тоңдурулуп турган 6 миңден ашык анализдер 2-3 күндө текшерилет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал, кечээ 6-апрель күнү ПЧР тест-системаларынын жетпей жаткан компоненттери алынып келгенин билдирди.

"Жалпы 23,5 миң анализ кылууга жете турган тест-система бар", - деп ал, мындан мурдараак анализдери алынып, бирок тест-системанын компоненттери жок болгондуктан тоңдурулуп турган 6 миңдин тегерегиндеги анализдер 2-3 күндүн текшерилерин айтып өттү. Министр белгилегендей, ал үчүн адистер лабораторияда 3 нөөмөттө иштешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий