• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Той, массалык иш-чара өткөрүү – уйку көрбөй эмгектенген дарыгерлердин ишине кыянатчылык кылуу – президент

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып жатып президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда тойлорду, массалык иш-чараларды өткөргөн жарандарды, чиновниктерди сынга алды.

“Өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги менен катар жарандарыбыздын жоопкерчилиги да азыркы учурда чоң мааниге ээ. Үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын, өзүбүздүн жана элибиздин ден соолугу үчүн ар бирибиз жоопкербиз. Калкыбыздын ден соолугуна кайдыгерлик кылып, элге душмандык кылбайлы. Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык! Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин күн-түн дебей кылган мээнетине жасалган кыянатчылык! Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт. Акыркы убактарда дал ушул массалык иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатат. Республикалык штаб, жергиликтүү бийлик мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акыңар жок!”, - деди ал.

Ал белгилегендей, тиешелүү талаптарды сактабагандардын баарына мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек.

“Республикалык штаб абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон мындай салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгууга мезгил жетти. Ар бирибиз жоопкерчилик менен аң-сезимди өзгөртпөсөк - илдетти жеңүү мүмкүн эмес”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий