• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Учурда стационарларда 167 бейтап өтө оор абалда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Республиканын 79 стационарында коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Анын айтымында, аларды дарылоо үчүн 5 237 орун даярдалган, анын ичинде реанимацияларда жана интенсивдүү терапия палаталарында 483 орун ачылган, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү үчүн 239 мобилдик бригада, 344 тез жардам бригадасы жана 15 миң 606 медициналык кызматкер тартылган.

«Учурда республиканын ооруканаларында коронавирус инфекциясы менен ооруган 2 миң 455 бейтап дарыланууда, алардын 669у оор, 167си өтө оор абалда. Оор жана өтө оор абалдагы бейтаптардын ооруканада жаткан күндөрүнүн саны 10 күндөн 65 күнгө чейин түзөт»,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий