• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Умрадан келген жарандар толук шарты бар обсерваторияга которулду

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Ош шаарынын 7-поликлиникасына жаткырылган жарандар карантинде кармоо шарттарына арызданышкандан кийин толук шарты бар обсерваторияга которулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар бардык зарыл шарттар түзүлгөн башка обсервацияга жаткырылды. Аларга тынымсыз кам көрүлүп, күнүнө 4 жолу медициналык беткаптар жана антисептикалык каражаттар менен камсыз болушат. Бейтаптарга кезек менен жугуштуу оорулар дарыгери, медайым жана санитаркалар кам көрүшөт.

Буга чейин ыкчам карантинге алууда даярдалган обсервация жайларына жаткырылган эле. Шаар мэри Т. Сарыбашов тарап кеткен видеодон кийин тиешелүү жетекчилерге ар бир жаткырылган жаранга кайдыгер карабоо тапшырмасын берип, өз көзөмөлүндө болоорун айтты.

Пикир

Оставить комментарий