• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19 в КР: Төрөт үйлөрүндө карантин күчөтүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинен төрөт үйлөрүндө жаңы төрөгөн аялдарды жана ымыркайларды COVID-19 коронавирустук инфекция жугушунан сактоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтып беришти.

Министрликтин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, бүгүнкү күндө төрөт үйлөрү штаттык режимде иштеп жатат. “Бирок биз азыр карантинди күчөттүк. Төрөгөн аялдарга келүүгө тыюу салынды. Үйүнө чыгууга даяр болгондор чыгарылууда”,- деди ал.

Акматова белгилегендей, төрөт үйлөрүндө коронавирус жуктурган учурлар катталган жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган 16 учур катталып, анын экөө бүгүн, 23-мартта аныкталган. Республика боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий