• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19. Вакцинанын экинчи жана үчүнчү дозасын алуунун аралыгы кыскартылды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцинанын экинчи жана үчүнчү дозасын алуунун аралыгы кыскартылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына каршы бустердик (вакцинанын 3-дозасы) дозаны вакцинанын 2-дозасынан кийин 4 айдан соң ала алышат. Мурда бул аралык 6 ай болгон.

Мындай чечим КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу кабыл алынды.

“Вакцинанын бустердик дозасын 2021-жылдын 20-декабрында киргизишкен. Жаңы жыл майрамынан кийин эпидемиологиялык абалдын начарлашы байкалууда. Буга байланыштуу биз жаш курагы 60тан жогору жарандарды, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин бустердик дозаны алууга чакырабыз”, – дейт Саламаттык сактоо министрлигинин Иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Пикир

Оставить комментарий