• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Вирус менен күрөшүүдө тазалыкты сактоо керек - Исаков

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Вирус таза аба менен таза чөйрөнү жактырбайт – бул коронавируска каршы күрөшүүдө башкы каражат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык врач Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүүдө максималдуу санитардык-гигиеналык чараларды көрүү керек. “Вирус таза абаны жана таза чөйрөнү жактырбайт - бул коронавируска каршы күрөшүүдө башкы каражат. Ошондуктан тазалыкты сактоо керек ”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Мындан тышкары, бүгүн 21-мартта саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, дагы жаңы алты учур катталды. Алардын бешөө Сузак районунда, ал эми бирөө Баткен районунда. Бардыгы кичи ажылыктан келгендер.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он экиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий