• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

COVID-19: Вирустун булагы белгисиз болгон бейтаптар дагы аныкталууда - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Коронавирустун булагы белгисиз болгон бейтаптар дагы аныкталууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында лабораториялык мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Жарандар өздөрү кайрылган учурлар болууда.

“Алар текшерип берүүнү суранып же болбосо оорунун белгилери болгондугун айтып, медициналык мекемелерге кайрылышууда. Иликтей келгенде айрым учурларда жарандар так маалымат бере албай калууда. Айрымдары эл көп чогулган жерде жүрсө, үйдө эле отургандыгын айтып, так маалымат бере албай калгандары дагы болууда. Учурда иликтөөлөр уланууда. Ал жарандар менен байланышта болгондорду изилдеп табууга болгон аракеттер жумшалууда. Тиешелүү кызматкерлер, адистер бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Бирок, ошол эле учурда дагы бир жолу гигиеналык эрежелерди, социалдык аралыкты так сактоого чакырып кетет элем”, - деп баса белгиледи саламаттык сактоо министринин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-майга карата коронавирус жуктурган 68 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1662ни түзөт. Алардын ичинен 1088 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий