• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын 48%ы ооруканадан чыгарылды - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. COVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын 48%ы ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйыны учурунда белгиленгендигин, өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди. 2020-жылдын 23-апрелине карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинин 631 учуру катталды. Стационарда – 321 бейтап, алардын 5 жандандыруу бөлүмүндө жатышат. 8 адам каза болду.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, аймактарда обсервациялык жайлар жарандарды кабыл алууга даяр турууга тийиш.

«Тиешелүү мамлекеттик органдар мекендештерибиздин өлкөгө кайтуусу үчүн каттамдарды уюштуруу маселелерин иштеп жатышат. Аймактарда обсервация жайларынын жарандарды кабыл алууга даярдыгын камсыз кылуу зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары кечээ жакында Новосибирсктен келген жарандардын жашоо шарттарын көрүп чыгууга, зарылдыгына жараша алар үчүн карантиндик эрежелерди мындан ары сактоого обсервациялык орундарды даярдашы керек », - деди Кубатбек Боронов.

Жыйында белгиленгендей, медицина кызматкерлери үчүн атайын иштелип чыккан med.tunduk.kg платформасына медицина кызматкерлеринен кайрылуулар келип түшүүдө. Билдирмелер иштелип чыгууда, бардык кайрылуулар боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөр жана тапшырмалар берилди. Белгилей кетсек, бул ресурс биринчи кезекте штабдын жана жооптуу органдардын ак халатчандар туш болгон маселелерге ыкчам жооп кайтаруусуна багытталган.

Мындан тышкары жыйында байланышкан адамдар менен иштөө боюнча мындан аркы иш-аракеттер талкууланды. Тармактык органдарга калктын аярлуу катмары жашаган жаңы конуштардын, райондордун жашоочулары арасында тестирлөө маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Жергиликтүү бийлик органдарына Новосибирсктен келген жарандар үй карантинине жайгаштырылган болсо, алардын жашоо шарттары менен дыкат таанышып чыгуу милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий