• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

COVID-19: Ысык-Көл облусунда азык-түлүк базарларынан башка базарлар карантинге жабылат

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда азык-түлүк базарларынан башка курулуш, кийим-кече ж.б. базарларынын баары карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирустун алдын алуу боюнча облустук штабдын отурумунда кабыл алынган.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, жергиликтүү бийлик органдары эл көп чогулган жерлерде инфекциялык оорунун жайылышын алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү керек.

"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин кеңештерин так аткаруу керек. Биргелешкен аракеттер менен гана коронавирус инфекциясын облус аймагына келишин жана жайылышын алдын ала алабыз. Азык-түлүктөн башка товарлар сатылган базарларды убактылуу жабуу облус калкынын саламаттыгын коргоо үчүн зарыл чара болууда", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий