• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

COVID-19: Ысык-Көл облусунда салыктын көлөмү июнь айына карата 63%га төмөндөдү

Аймак 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Быйыл Ысык-Көл облусунда салыктын көлөмү июнь айына карата 63%га төмөндөдү.Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элчибек Жантаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу алкагында өкмөт 2020-жылдын 1-июнунан баштап туризм секторуна иштөөгө уруксат берген.

"Бирок, июнь айында эс алуучулардын жоктугунан айрым эс алуу жайлар туристтик мезгилде иштөөдөн баш тартууга мажбур болушкан. Бардыгы облуста 533 эс алуу объектилери бар болсо, 2020-жылдын 1-июлуна карата 313 объект ишке кирип, 220 объект же 41%ы ишке кирген жок. Санитардык-эпидемиологиялык абалдын кесепетинен туризм тармагынан салык түшүүлөрдүн төмөндөшү орун алды. 2019-жылдын жайкы туристтик мезгилинде (июнь-август) эс алуу жайларынын ишмердүүлүгүнөн 68731,3 миң сом акча каражаты түшсө отчеттук мезгилде салыктын көлөмү июнь айына карата 63%га, июль айында 42%га төмөндөдү", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий