• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Ысык-Көл облусунда ыкчам линия иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаал режиминин убагында Ысык-Көл облусунда калктын турмуш тиричилик маселелерин ыкчам чечүү максатында ыкчам линия иштей баштады. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми жергиликтүүлөр кандайдыр бир маселе жаралса, анда "150" ыкчам линиясына чалса болот. Иштөө режими 8:00дөн 20:00гө чейин. Телефон чалуу акысыз, жарандар стационардык же уюлдук телефон аркылуу чала алышат.

Пикир

Оставить комментарий