• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Ысык-Көл облусунун кире беришине посттор коюлат

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. 22-марттан тарта Ысык-Көл облусунун кире беришинде медицина, милиция жана жергиликтүү бийлик кызматкерлеринен турган көзөмөл посттору коюлат.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиев билдиргендей, бул чара облус калкынын саламаттыгы үчүн зарыл болууда.

"Көзөмөл постторунун негизги милдети – биздин облуска келип жаткан адамдардын саламаттыгын текшерүү. Биз облус калкын коронавирустан коргоо үчүн бардык чараларды көрүшүбүз керек. Ошондуктан "Балыкчы-Нарын" жана "Балыкчы-Бишкек" жолдорунда Ысык-Көлдүн кире беришинде инфекциялык оорунун негизги белгилерин аныктоо үчүн посттор уюштурулат. Нөөмөттө милиция, саламаттык сактоо жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери турушат", - деди ал.

Аны менен бирге ал, "Каракол-Бишкек" жана "Балыкчы-Нарын" багыты менен жүргөн каттам унааларынын санын кыскартуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий