• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

COVID-19: Ысык-Көлдөгү калктуу пункттардын ортосунда жарандардын өтүүсү убактылуу өткөрмө кагаздары боюнча гана жүргүзүлөт

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы калктуу пункттардын ортосунда жарандардын бир жерден экинчи жерге өтүүсү убактылуу өткөрмө кагаздары боюнча гана жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн облустук ыкчам штабдын жыйынында калктуу пункттардын ортосунда жарандардын жана автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды.

Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары (акимдер, айыл өкмөттөрү), муниципалдык жана мамлекеттик органдардын жетекчилери убактылуу өткөрмөлөрдү өтө зарылдыгына жараша гана беришет.

Убактылуу өткөрмөлөрдү колдонууда мыйзам бузуулар аныкталган учурда жаран жана кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылат.

Пикир

Оставить комментарий