• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Ысык-Көлгө кирип-чыгууга убактылуу чектөө киргизилди – штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип-чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабынын чечими менен дубанга адамдардын жана автоунаа каражаттарынын кирип-чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

"Аны менен бирге өтө зарылчылыгы жок болгон район, шаарлар аралык транспорттук каттамдар да убактылуу чектелет. Өзгөчө кырдаал учурунда ооруканалар, дарыканалар, азык-түлүк сатуучу жайлар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер кадимки тартипте иштейт", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагынын кире беришинде күнү-түнү иштей турган 2 санитардык-карантиндик көзөмөлдөө посту орнотулуп, анда дарыгерлер, ИИМ жана ӨКМдин облустагы башкармалыгынын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий