• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Өзбекстанда үйүндө дарыланып жаткандарга дары-дармек акысыз берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан үйүндө дарыланып жаткан жарандарга дары-дармек акысыз берилет.

Тиешелүү чечим өлкөнүн өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 17-июлда өткөн жыйында мындан ары коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга акысыз бериле турган дары-дармектердин тизмесин бекитти. Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.

Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат. Азырынча COVID-19 вирусун жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткан адамдардын саны тууралуу маалымат бериле элек.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 16 607 адам. Илдет жуктурган 85 бейтап көз жумду. 9178 адам оорудан сакайды.

Пикир

Оставить комментарий