• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген ишкердиктин түрлөрү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеги жарыяланды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алар - өндүрүү, кайра иштетүү, жеткирүү жана ишке ашыруу менен байланышкан ишканалар:

- Айыл чарба продукцияларын, тамактануу азыктарын, суусундук жана азык-түлүктү табигый, чийки жана кайра иштетилген түрдө, коштоочу өндүрүштөрдү кошкондо (таңгактарды, идиштерди өндүрүү, жем-тоюттар ж.б.);

- Дары-дармек каражаттарын, медициналык дары-дармектери, буюм-тайымдарды (анын ичинде жеке коргонуу каражаттарды, медициналык беткаптарды жана халаттарды);

- Күйүүчү-майлоочу материлдарды жана газ баллондорун сатуу. Турак үй-коммуналдык чарбанын бардык кызматтары (суу, канализация, газ, жарык, байланыш, жулуулук, таштандыларды чогултуу жана чыгарып кетүү);

- Дезинфекциялоо боюнча кызматтар;

- Медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү;

- Коммерциялык банктар;

- КРнын Улуттук банкына микрофинансылык компаниялардын жана акча алмаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп туруу сунушталат;

- Жогоруда көрсөтүлгөн ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуучу жеке менчик кайтаруу мекемелеринин ишмердүүлүгү;

- Бажы брокерлеринин ишмердүүлүгү;

- Кыргыз почтасы;

- Лабораториянын ишмердүүлүгү.

ЖМК, уюлдук операторлордун жана интернет провайдерлердин ишмердүүлүгү башка регламент менен жөнгө салынат.

Эскертүү: Жогоруда белгиленген ишканаларда тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте турган кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта ишмердүүлүгүнө уруксат берилет.

Пикир

Оставить комментарий