• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19 жайылышына байланыштуу жагымсыз социалдык-экономикалык кесепеттерди кыскартуу маселеси ЖКда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта КР Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитеттин кезексиз жыйынында эл өкүлдөрү тарабынан COVID-19 жайылышына байланыштуу жагымсыз социалдык-экономикалык кесепеттерди кыскартуу маселеси көтөрүлдү. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Депутат Эльвира Сурабалдиева өлкөбүздүн айрым шаарларында өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилгендиктен жумушсуз калган жарандарыбызга жардам берүү зарылдыгын белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында калктык басымдуу бөлүгү күнүмдүк гана киреше менен жан багып келген. «Бүгүнкү күндө алар жумушсуз калып, өтө оор кырдаалда турушат. Кыргыз өкмөтү мына ушул көйгөйду эске алышы кажет», - деп белгиледи Э. Сурабалдиева.

Өкмөт өкүлдөрүнүн ырасташынча калктын аялуу катмары үчүн мамлекеттик материалдык резервдер фондунан ун таратылууда, ошондой эле алар үчүн азык-түлүк пакети даярдалмакчы.

Депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде азыркы учурда өкмөт коронавирус менен күрөшүүдөн тышкары экинчи чоң маселени чечүүсү абзел: бул - республиканын экономикасын сактап калуу көйгөйү. «КР өкмөтү COVID-19дун экономикалык кесепеттерин басаңдатуу боюнча жетиштүү иш алып барбай жатат. Экономиканы сактап калуу боюнча фонд, так максаттары же планы жок», - деди депутат А. Жапаров.

Өкмөт өкүлдөрү 30 чара камтылган антикризистик план кабыл алынганын, аны менен катар республиканын экономикасын колдоо боюнча атайын механизмдер иштелип жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каражат тартуу маселеси каралып жатканын билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороев КР өкмөтүнүн антикризистик планы декларативдүү мүнөздө экенин айтты. Экономикалык жана фискалдык саясаты комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров өлкөдө тамак-аш азык-түлүктөрдүн жана башка эң керектүү товарлар кымбаттап жатканын кошумчалады. «Бул көйгөйлөрдүн үстүнөн өкмөт кылдат иштеши зарыл», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий