• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19дун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ишке тартылган медкызматкерлер мейманканаларга жайгаштырылууда

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын чечими менен COVID-19 дартынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ишке тартылган медициналык кызматкерлер мейманканаларга жана конок үйлөргө жайгаштырылууда. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тийиштүү чечим обсервациялык пункттарда жана мобилдик бригадалардын курамында иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана ден-соолугун сактоону камсыздоо, алардын жашоосу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында кабыл алынган.

Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар, ысык тамак, транспорт менен камсыздоо маселеси Республикалык штабдын жана жергиликтүү бийлик органдарынын тыкыр көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий