• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Жакында Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Жакын күндөрү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова президент менен жолугушууда маалымдады.

Исмаилова мамлекет башчысы менен жолугушууда ошондой эле тиешелүү органдар менен биргеликте дары-дармектердин баасын жөнгө салуу, айрым фармацевтикалык компаниялар тарабынан баалардын көтөрүлүшүнүн себебин аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Жолугушууда коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана медицина кызматкерлери менен калктын социалдык аярлуу катмарына колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин көңүлү саламаттыкты сактоо маселесине өзгөчө бурулушу керектигин билдирди. Коомчулуктун жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен бул системадагы кемчиликтердин баарын ыкчам жоюу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы адистердин анализине ылайык, өлкө инфекцияга чалдыгуунун эң жогорку чегине жакын арада жетерин айтты. Медициналык мекемелерди өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, вируска каршы дары-дармектер, тест-системалар, жеке коргоочу каражаттар жана башка зарыл каражаттар менен жабдуу аркылуу камсыздоо жана толук даярдыкка келтирүү зарылдыгын баса бегиледи.

Пикир

Оставить комментарий