• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

COVID-19: Жалал-Абад мэри күндүзгү стационардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Газпром спорт комплексиндеги коронавирус менен жабыркагандарды кабыл алуучу күндүзгү стационардан кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мында түзүлгөн шарт, жарандардын кайрылуусу тууралуу маалымат алды. Калаа башчы дарыгерлердин жана бейтаптардын көйгөйлөрүн угуп, жергиликтүү бийлик чечүүгө аракет көрө турганын билдирди.

Учурда стационарга кайрылгандардын саны азайган. Күнүнө туруктуу 16 бейтап эки ирет келип дарыланууда. Андан тышкары күн сайын жаңы катталгандар да бар.

Пикир

Оставить комментарий