• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

COVID-19. Жалал-Абад облусунда 2 миң 479 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Жалал-Абад облусунда COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы облуста 2 миң 479 жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмдөөнү биринчилерден болуп медицина, билим берүү, күч түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик кызматкерлер алды. Алардын 262си жеке жарандар.

Эмдөө иштери 10-апрелден тарта облустун бардык район-шаарларындагы жалпы практикалык дарыгерлер борборунда берилүүдө. Облуска жалпы 9 миң адамга ылайыкташкан 18 миң доза келген. Бир адам вакцинаны эки ирет алып, эмдөө 25-28 күн аралыгында жүргүзүлөт.

Учурда облуста 64 адам илдетке кабылып 17си ооруканаларда, ал эми 47 жаран үй шартында дарыланууда. 22-апрелге карата 5 жаңы учур катталды.

Пикир

Оставить комментарий