• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Жалал-Абад облусунда мобилдик топтор тарабынан 354 миңден ашык жаран текшерилген

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда мобилдик топтор тарабынан 354 миңден ашык жаран текшерилген. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Анын айтымында, мобилдик топтор тарабынан 70 миң 943 үй, анда жашаган 354 миң 256 адам текшерилген.

"Санэпидкөзөмөл борборунун алдында да атайын топтор түзүлгөн. Алар мекеме-ишканаларды текшерүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 456 субъект текшерилип, 29 ишканага айыппул салынды", - дейт ал.

Мирзахмедов облус аймагын дезинфекциялоо үчүн 71 тонна 812 кг хлор келгенин айтат.

"54 тонна 942 кг хлору көчө, имараттарга жумшалды. 16 тонна 879 кг хлор запаста турат. Биз 5 миң 314 объектти дезинфекцияладык. Ага 148 техника тартылган", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий