• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Жалал-Абад шаарына анализдерди жеринде текшерүү үчүн көчмө лаборатория келди

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына коронавируска шектүүлөрдүн жана коронавирус жуктургандар менен аралашкан жарандардын анализин жеринде текшерүү үчүн көчмө лаборатория келди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, ал мобилдүү лаборатория 1 күндө 100гө жакын адамдын анализин текшергенге мүмкүнчүлүгү жетет.

"Бүгүн, Жалал-Абад шаарына коронавируска шектүүлөрдүн жана байланышта болгон жарандардын анализин жеринде текшерүү үчүн Ош шаарынан мобилдүү лаборатория келди. Ал Жалал-Абад облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматында жайгаштырылды", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Аталган кызматтын башчысы Дүйшөн Курманалиевдин айтымында, лаборатория менен кошо атайын даярдыктан өткөн адистер келген.

"Дагы Бишкек шаарынан карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар кызматынан кошумча адистер тартылууда. Муну менен тиешелүү дарыгерлердин жумушу бир кыйла жеңилдейт. Учурда бардыгы даяр, анализдер келип түшкөндөн баштап, текшериле баштайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий