• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Жалал-Абадда 118 ыкчам байланыш номерине күнүнө 20дан кем эмес кайрылуу келип түшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номерине күнүнө 20дан кем эмес кайрылуу келип түшүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, операторлор экиден же үчтөн болуп күнү-түнү иштеп жатат.

"Чалуулар токтоосуз болууда. Жарандар COVID-19 боюнча, гумжардам жана психологиялык жардам алуу үчүн кайрылып жатат. Ал эми ӨКМ же комендатурага ылайык суроолор болсо, жарандардын кайрылуулары дарегине жеткирилүүдө", - деп айтылат маалыматта.

COVID-19 боюнча суроолорго жооп алуу үчүн өлкө боюнча бирдиктүү 118 ыкчам номери иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий