• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19. Жалал-Абадда дарыгерлер үй шартында дарыланып жаткан бейтаптарды кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында дарыгерлер үй шартында дарыланып жаткан бейтаптардын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн үйлөрдү кыдырышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Шаардык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккан 46 жаран үй шартында дарыланууда.

Шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, аймактык башкаруу мекемелеринин кызматкерлери менен биргеликте үймө-үй кыдырып, бейтаптардын абалын көзөмөлдөп, жакындарына жугузбоо жана санитардык эрежелерди туура сактоо боюнча атайын кеп-кеңештерди беришти.

Ошондой эле, ак халатчандар калкка өзүн-өзү дарылоо кооптуу экендигин эскертип, ооруга чалдыккандарды 118 ыкчам байланыш номерине кайрылуну эскертүүдө.

Пикир

Оставить комментарий