• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

COVID-19: Жалал-Абадда компьютердик клубдар жана көңүл ачуучу жайлары жабылат

Аймак 0

Бишке, 18.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги калаа аймагында коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардагы компьютердик клубдар, кафе-ресторандар жана башка көңүл ачуучу жайлар убактылуу жабылат.

"Тартипти сактабагандарга мыйзам чегинде кара көрүлөт. Бүгүндөн тарта калаадагы мекеме-ишканаларга сырттан келген жарандарды киргизүүгө чектөө коюлду. Аны менен бирге Жалал-Абад шаарында вирустук илдетинин алдын алуу боюнча тургундар үчүн республикалык, шаардык жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун ишеним телефондору иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий