COVID-19: Жалал-Абадда шаардык штабдын жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы коронавирус илдетинин акыркы көрсөткүчүнө байланыштуу штабдык жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында эл көп жайларда рейддерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Базарларда, соода маркеттеринде, күйүүчү май куюучу жайларда, кафе-ресторандарда санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Күн сайын рейддер өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Андан тышкары менчигинин түрүнө карабай бардык базарларда санитардык күн жарыяланып, дезинфекциялоо иштери жүрөт. Ага ылайык график менен базарлар жабылат.

Пикир

Оставить комментарий