• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: Жалал-Абаддагы ооруканаларда 51 адам оор абалда, бирөө жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда 51 адам оор абалда, бирөө жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, облуста коронавируска жалпы 10 миң 2 адам кабылса, анын 8 миң 388и айыкты. Ошондой эле 167 бейтап каза болду.

"Жалал-Абадда жалпы 36 миң 399 ПЧР, 13 миң 291 экспресс-тест жүргүзүлгөн. Облус аймагында 19 күндүзгү стационар иштөөдө", - дейт ал.

Ызабеков облус аймагынын "кызыл зоналарында" 187 медкызматкер иштегенин айтат. "Жалал-Абадга дагы 184 медик жетишпейт. Октябрь айында 45 медкызматкерди жумушка тарттык. Ошондой эле 1 миң 379 медик оорудан өткөрүлдү", - дейт облус жетекчисинин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий